Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 10-отуруму
2025-жылдын 11-апрели, №9
Памир-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Памир-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө Памир-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Памир-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймактарда өткөрүлгөн жамааттык жыйндардын протоколунун негизинде комиссиянын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясына мүчөлүккө талапкерлердин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |