Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/1
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2025-жылдын алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин маалыматы жана 2025-2029-жылдарга карата аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн ошондой эле калкты социалдык-коргоо программаларынын өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты ай ичинде социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын аткарылышы боюнча маалыматы жана 2025-2029-жылдарга карата аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык-коргоо программаларынын өнүгүү планы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 3- пунктарынын негизинде токтом кылат:
1.Гүлчө айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин, Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 2025-жылдын алты ай ичинде аткарылган иштери жөнүндөгү маалыматы Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан жактырылсын.
2.2025-29-жылдарга карата аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын өнүгүү планы бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
3.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2025-29-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын ишке ашырууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Э.Тажибаевге жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика,бюджет, инвестициялар, ишкердик кылуу боюнча жана мыйзамдуулук, кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Б.Самиев |