Редакцияот 11.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму

 

2025-жылдын 11-январы, № 6

 

“Жаңы Сары-Таш” МИнын штаттык түзүмү жөнүндө

 

Сары-Таш айылдык кеңешинин 2020-жыл 14-декабрынын  VI чакырылышынын кезексиз отурумунун №48 токтомунда бекитилген штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Стратегиялык обьектилер” жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына  ылайык Памир-Алай айылдык кеңеши           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Жаңы Сары-Таш” МИнын штаттык бирдиги төмөндөгүдөй бекитилсин:

1.Жетекчи- 1

2.Бухгалтер-оператор – 1

3.Сантехник – 2

4.Кароолчу – 3

2.“Жаңы Сары-Таш” МИнын жумушчуларынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин негизинде эсептелинип, тарификация жүргүзүлсүн:

1.Жетекчи 1*36876 сом

2.Бухгалтер – оператор 1*34214 сом

3.Кароолчу 3*14573=43719 сом

4.Сантехник 2*15840=31680 сом

Жалпы: 146489 сом

3.Бул токтомдун аткарылышы “Жаңы Сары-Таш” МИнын жетекчиси Р.Жетимиш уулуна милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет комитетинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Н.Айтмаматов