Редакцияот 11.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 5-отуруму

 

2025-жылдын 11-январы, № 4/4

 

“Жаңы Сары-Таш” МИни колдоо жөнүндө

 

Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын бюджетин көбөйтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Памир-Алай айылдык Кеңеши           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын бюджетин көбөйтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында айыл өкмөттүн бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Жаңы Сары-Таш” МИнин жетекчисине жана айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Н.Айтмаматов