Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/3
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин максаттуу багытын көп кабаттуу турак-жай курууга өзгөртүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык номердеги 26910,50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык номердеги 7500,50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелерин турак-жай курууга өзгөртүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктуна ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык номердеги 26910, 50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык номердеги 7500, 50 чарчы метр жер айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин максаттуу багытын көп кабаттуу турак-жай курууга өзгөртүлүп берилсин.
2.Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерин тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Б.Самиев |