Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/4
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги 26910,50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги 7500, 50 чарчы метр болгон жер тилкелерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Гүлчө айыл жарандары үчүн көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7500,50 чарчы метр болгон жер тилкелерине Гүлчө айылынын жарандарына Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктуна ылайык, токтом кылат:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги аянты 7500, 50 чарчы метр болгон жер тилкелерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Гүлчө айыл жарандары үчүн көп кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Б.Самиев |