Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/6
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата долбоору жана 2027-2028-жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10 -отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата долбоору жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 106951,8 миң сомго анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 93851,8 миң сомго, атайын каражат 13 100,0 миң сомго болжолдуу долбоору белгиленсин.
2. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 112951,8 миң сомго анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 99 851,8 миң сомго, атайын каражат 13100,0 миң сомго болжолдуу долбоору белгиленсин.
3. 2028-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 119192,8 миң сомго анын ичинен: республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферттер жок, өздүк киреше 106092,8 миң сомго, атайын каражат 13100,0 миң сомго болжолдуу долбоору белгиленсин.
4. Корголгон беренелердин (эмгек акы,социалдык фондуна чегерүүлөр көмүр,отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана финансы,экономика бөлүмүнүн башчысы Эркинай Каныбек кызына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет,инвестициялар ишкердик кылуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Б.Самиев |