Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/8
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден өндүрүштүк зарылчылыка байланыштуу кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жагы каралсын.
К/н | Бөлүмдөрдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | III-квартал | |
Көбөйтүү | Азайтуу | ||||
1 | Аппарат | көмүр | 2224 |
| 15,0 |
2 | Бала бакча | көмүр | 2224 |
| 128,4 |
3 | Баштооч мектеп | көмүр | 2224 |
| 5,4 |
4 | Толук эмес орто мектеп | көмүр | 2224 |
| 9,0 |
5 | Орто мектеп | көмүр | 2224 |
| 124,5 |
6 | Орто мектеп | Имараттар жана курулмалар | 3111 | 282,3 |
|
7 | Экономикалык суроолор | Имараттар жана курулмалар | 3111 |
| 5 260,0 |
8 | Китепкана | Машина жана жабдуулар | 3112 |
| 240,0 |
9 | Аппарат | Учурдагы ремонт | 2221 | 1100,0 |
|
10 | Аппарат | Резервдик фонд | 2824 | 300,0 |
|
11 | Экономикалык суроолор | Түрдүү чыгымдар | 2215 | 2705,6 |
|
12 | Экономикалык суроолор | Учурдагы ремонт | 2221 | 810,0 |
|
13 | Экономикалык суроолор | Чарбалык товарлар | 2222 | 400,0 |
|
14 | 708-маданий ишчаралар | Түрдүү чыгымдар | 2215 | 184,4 |
|
| Жалпы |
|
| 5782,3 | 5782,3 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Эркинай Каныбек кызына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Б.Самиев |