Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/7
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга карата бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10 -отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине, ылайык, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жылга бекитилген сметасындагы кээ бир салыктык кирешелердин түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
к/№ | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | I-квартал | II-квартал | ||
Көбөйтүү | Азайтуу | Көбөйтүү | Азайтуу | ||||
1 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 11312100 | -326,4 |
| 107,8 |
| 218,6 |
2 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык |
11312200 | -2525,6 |
| 896,2 |
| 1629,4 |
3 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321200 | -65,0 |
| 65,0 |
|
|
| жалпы |
| -2917,0 |
| 1069,0 |
| 1848,0 |
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелердин планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
к/№ | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | II-квартал | III-квартал | ||
Көбөйтүү | Азайтуу | Көбөйтүү | Азайтуу | ||||
| Экономикалык суроолор | 3111 | 2917,0 |
| 1069,0 |
| 1848,0 |
3.Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Б.Самиев |