Загрузка документа…
үлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/9
Гүлчө айылы
“Мамлекеттик лизинг” компаниясы Ачык Акционердик Коому аркылуу лизинг жолу менен алына турган кызматтык унаа алуу үчүн макулдук жана өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10 -отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин “Мамлекеттик лизинг” компаниясы, Ачык Акционердик Коому аркылуу лизинг жолу менен алына турган кызматтык унаа үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. “Мамлекеттик лизинг” компаниясы Ачык Акционердик Коому аркылуу лизинг жолу менен алына турган 1 даана Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү кызматтык унаанын жалпы суммасы 1 667 800 сомду түзүп, Президенттик фонддон 20 % өлчөмүндө 333 560 сом бөлүнүп, калган 1 334 240 сом акча каражатын мамлекеттик лизинг компаниясынын шарттарына ылайык, 2026-жылдан баштап 5 жылга бөлүп төлөө жолу менен төлөнсүн.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап тактоо жана сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Б.Самиев |