Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/10
Гүлчө айылы
Гүлчө айыл аймагындагы №5145 Гүлчө -2 участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевдин Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025.07.08. №01-19/813 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы № 02-2-8/856 сандуу билдирүүсүндө аралыктан добуш берүү боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн график боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүүдө, аралыктан добуш берүү үчүн эл көп чогулган жерлерге (базар, соода түйүндөрдө ж.б жерлерге) аралыктан добуш берүү үчүн Гүлчө айылынын борбордук базарына кошумча шайлоо участкаларын ачуу пландаштырылып, участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 1 - бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, токтом кылат:
1. 5145-Гүлчө-2 участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн талапкерлерди сунуштоо, Гүлчө айыл аймагындагы жамааттар арасында өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорунун негизинде көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин.
2.Участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин өздүк документтерин Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшыруу жагы Гүлчө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Убукеевага милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом Алай аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.:
Тѳрага | А.Б.Самиев |