Загрузка документа…
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10- отуруму
ТОКТОМ
08.08. 2025-жыл № 10/11
Гүлчө айылы
Алымбек датка көчөсүнүн №26 үйдүн тургуну Д.Белекбаевдин арызы боюнча, үйүнө коркунуч туудурган жана жол четиндеги суу ноолоруна зыянын тийгизип жаткан теректерди кыйдыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 10-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ажибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Алымбек датка көчөсүнүн №26 үйдүн жашоочусу Д.Белекбаевдин үйүнө коркунуч туудурган жана жол четиндеги суу ноолоруна зыянын тийгизип жаткан 4 түп теректи кыйууга макулдук берилсин.
2. Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан жогорудагы тал-теректерди кыйдырууга уруксат кат алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Тынчыбек уулу Марлиске милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Б.Самиев |