Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/1
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы мектептин эски имаратын бала бакча кылып ачуу максатында капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы мектептин эски имаратын бала бакча кылып ачуу максатында капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы мектептин эски имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбооруна айыл өкмөттөн 2026-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 540635 (беш жүз кырк миң алты жүз отуз беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана райондук өнүктүрүү фондунан 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бакиров. |