Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/2
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылындагы О.Кожошев атындагы орто мектептин жылытуу системасын жана отказан куруу долбоорун карап чыгып, талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылындагы О.Кожошев атындагы орто мектептин жылытуу системасын жана отказан куруу долбоору жактырылсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылындагы О.Кожошев атындагы орто мектептин жылытуу системасын жана отканасын куруу долбооруна айыл өкмөттөн 2026-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 242179 (эки жуз кырк эки миң бир жүз жетимиш тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана областык өнүктүрүү фондунан 3000000 (үч миллион) сом акча каражаты суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бакиров. |