Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/3
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Турмуш айылындагы Жаны-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Турмуш айылындагы Жаны-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Турмуш айылындагы Жаны-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна айыл өкмөттөн 2026-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 673440 (алты жүз жетимиш үч миң төрт жүз кырк) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бакиров. |