Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/4
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Р.Токсонбаев атындагы көчөнүн капиталдык оңдоо долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Р.Токсонбаев атындагы көчөнүн капиталдык оңдоо долбоору жактырылсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Р.Токсонбаев атындагы көчөнүн капиталдык оңдоо долбооруна айыл өкмөттөн 2026-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 351870 (үч жүз элүү бир миң сегиз жүз жетимиш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана райондук өнүктүрүү фондунан 2000000 (эки миллион) сом акча каражаты суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бакиров. |