Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/5
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Ж.Абдыразаков атындагы көчөнүн капиталдык оңдоо долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Ж.Абдыразаков атындагы көчөнүн капиталдык оңдоо долбоору жактырылсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Ж.Абдыразаков атындагы көчөнүн капиталдык оңдоо долбооруна айыл өкмөттөн 2026-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 1975660 (бир миллион тогуз жуз жетимиш беш мин алты жуз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бакиров. |