Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/7
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүнө Shacman L3000 14 куб таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө Shacman L3000 14 куб таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун ишке ашыруу максатында Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы X сессиясынын протоколунун негизинде Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Баш-Булак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-ноябрындагы X сессиясынын протоколу менен Баш-Булак айыл өкмөтүнө Shacman L3000 14 куб таштанды ташуучу техника сатып алууга макулдук берилсин.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнө Shacman L3000 14 куб таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун жазып, иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчынын орун басары-жооптуу катчысы Н.Бекмуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бакиров. |