Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын

 

2024-жылдын 20-февралы, №4

«Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси

айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Достук айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «А.Анаров” айыл өкмөтү мекемеси жана «Мангыт» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Достук_ айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Достук айылного аймака"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү» Мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Достук айылного аймака".

2. «Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3. “Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Араван району, Араван айылы, Ош-3000 көчөсү №129/1 болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага

 

Кудайбердиев.З.К.