Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/8
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кичик айылындагы мечитке Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга макулдук берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кичик айылынын калктуу конушунда 2017-жылы курулган мечитке Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алуу максатында Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын 2025-жылдын 26-ноябрындагы X сессиясынын протоколунун негизинде Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кичик айылынын калктуу конушунда 2017-жылы курулган мечитке Баш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн жер адистерине тапшырылсын
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын..
Тѳрага | А.Бакиров. |