Загрузка документа…
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ
26.11. 2025-жыл № 10/9
Баш-Булак айылы
Баш-Булак айылдык кеңешинин жайыт жерлерин мал жаюуудан башка максаттарга берилүүчү жерлеринин ижара акысын бекитүү чөйрөсүндөгү 2025-жылдын 20-майындагы № 6/11 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтому күчүн жоготконуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №301 токтомуна ылайык жайыттарды пайдалануу укугун берүүнүн тартиби менен таанышып чыгып Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айылдык кеңешинин жайыт жерлерин мал жаюуудан башка максаттарга берилүүчү жерлеринин ижара акысын бекитүү чөйрөсүндөгү 2025-жылдын 20-майындагы №6/11 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин.
1).1-пункт төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
Жеңил конструкциядагы көрнөк-жарнак курулмаларын орнотуу – 100 сом (1кв.м.үчүн)
2.Ушул токтомду аткаруу жагы “Баш-Булак” МИ жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бакиров. |