Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын

 

2024-жылдын 20-февралы, №7

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февраль айындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Достук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мангыт айылдык кеңеши мекемеси жана “Алля Анаров” айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Мангыт айылдык кеңеши мекемеси жана “Алля Анаров” айылдык кеңеши мекемеси төрагаларына жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Кудайбердиев.З.К.