Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 04-апрели, №6

Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаттарынын Достук айыл аймагына караштуу жайыт жерлердин ижара келишими бүткөн, келишим негизинде пайдаланбаган жана өз билемдик менен тосуп алынган  жайыт жерлерди кайрадан Жайыт

комитетине кайтаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 1-апрель айындагы

сунушун карап чыгуу жөнүндө

 

Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаттарынын Достук айыл аймагына караштуу жайыт жерлердин ижара келишими бүткөн, келишим негизинде пайдаланбаган жана өз билемдик менен тосуп алынган  жайыт жерлерди кайрадан Жайыт комитетине кайтаруу жөнүндөгү сунушун талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаттарынын Достук айыл аймагына караштуу жайыт жерлердин ижара келишими бүткөн, келишим негизинде пайдаланбаган жана өз билемдик менен тосуп алынган жайыт жерлерди кайрадан Жайыт комитетине кайтаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 1-апрель айындагы сунушу канааттандырылсын.

2. Достук айыл аймагына караштуу жайыт жерлердин ижара келишими бүткөн, келишим негизинде пайдаланбаган жана өз билемдик менен тосуп алынган жайыт жерлер кайрадан Жайыт комитетине кайтарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Пиратовго жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Кудайбердиев.З.К.