ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 04-апрели, №9
Достук айылдык кеңешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү штатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде, айылдык кеңешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү штатын бекитүү максатында, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде, айылдык Кеңешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү штаты бекитилсин.
2. Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү штатына алынган кызматкердин айлык акысын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Кудайбердиев.З.К. |