Редакцияот 08.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2024-жылдын 08-майы, №10

Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылынын Кесек-2 көчөсүн, аралыгы 1км болгон жолду асфальт басууга, Кесек айылынын тургундарынын арызын карап чыгуу жөнүндө 

Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылынын Кесек-2 көчөсүн, аралыгы 1км асфальт төшөө боюнча Кесек айылынын тургундарынын арызын  карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылынын Кесек-2 көчөсүнө аралыгы 1 км жолго асфальт төшөө боюнча жазган Кесек айылынын тургундарынын арызы канаттандырылсын.

2. Кесек айылынын айыл башчысына, Кесек-2 көчөсүнө асфальт бастыруу үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы жүктөлсүн.

3.Токтомдун финансылык жагын чечүү Тогузаков Насирдинге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Кудайбердиев.З.К.