Редакцияот 08.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2024-жылдын 08-майы, №12

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын тургуну Мамадалиев Аброрбек Абдирасуловичтин 2023-жылдын 21-декабрь айындагы Чарбак участкасында жайгашкан  №307 контурдагы 0,18 га жер тилкесин асыл тукум мал багууга ферма куруу үчүн которууга (трансформациялоого) жазган арызын

карап чыгуу жөнүндө

Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын тургуну Мамадалиев Аброрбек Абдирасуловичтин 2023-жылдын 21-декабрь айындагы Чарбак участкасында жайгашкан №307 контурдагы 0,18 га жер тилкесин асыл тукум мал багууга ферма куруу үчүн которууга (трансформациялоого) жазган арызын карап чыгып, Достук айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын тургуну Мамадалиев Аброрбек Абдирасуловичтин 2023-жылдын 21-декабрь айындагы Чарбак участкасында жайгашкан №307 контурдагы 0,18 га жер тилкесин асыл тукум мал багууга ферма куруу үчүн которууга (трансформациялоого) жазган арызы канаттандырылсын.

2. Асыл тукум мал багууга ферма куруу үчүн суралган жер тилкесин мыйзам чегинде которууга (трансформациялоого) Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Токтосуновго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Кудайбердиев.З.К.