Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги  VIII отуруму

 

   2024-жылдын 09-сентябры, № 8/1/

Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  2024-жылга бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизип тактоо  жөнүндө

 

Тилектеш айылдык кенешинин бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын VIII кезексиз сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.    “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө республикадан келген максаттуу трансфертти 2024-жылдын бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:

№

Берененин аталышы

берене

Көбөйтүү

Азайтуу

1

Максаттуу трансферт

13321100

70,3

 

 

Бардыгы

 

70,3

 

2.    Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:

№

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

 

Көбөй

түү

Азай

туу

1

Орто мектеп

Машиналар жана жабдыктар

3112

70,3

 

 

 

Баары:

 

70,3

 

3.    Жогорудагы акча каражатын 2024-жылдын бекитилген сметасынын  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай райондук башкармалыгынан суралсын.

4.    Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Танаев