Редакцияот 12.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги  9-сессиясы

 

   2024-жылдын 12-сентябры, № 9/5

Тилектеш айыл аймагынын   айыл өкмөтүнүн кулуну, жеке ишкер  Закиров Самарбек Жанышевичке  «Ардактуу атуул» наамын берүү  жөнүндө

Тилектеш айыл аймагынын   айыл өкмөтүнүн  Тогуз-Булак айылынын кулуну, жеке ишкер  Закиров Самарбек Жанышевичке  «Ардактуу атуул» наамын берүү  жөнүндө Тогуз-Булак  айылынын 2024-жылдын   02-сентябрындагы  элдик жыйынынын № 02 протоколунун негизинде Тилектеш айылдык кеңешинин   VII   чакырылышынын кезектеги  IX заседаниеси   

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Тогуз-Булак айылынын 2024-жылдын 02-сентябрындагы элдик жыйынынын № 02 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын инфраструктурасын көтөрүүгө, аталган айылдагы № 29 К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы жана мектептин алдына спорткомплексин куруп пайдаланууга бергендиги үчүн айыл аймагынын кулуну, жеке ишкер Закиров Самарбек Жанышовичке Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу » наамы берилсин. ( 02.09.2024-ж. Тогуз-Булак айылынын элдик жыйынынын № 02 протоколу тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Танаев