Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 03-сентябры, № 11/1
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аталышын “Алымбек Датка атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн географиялык аталышын “Алымбек Датка атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Д.Ашимованын Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуусундагы элдин талабын билдирген протоколун аткарууга алуу боюнча айыл өкмөттүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIIIчакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Д.Ашимованын 2025-жылдын 29-августундагы Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуусундагы элдин талабын билдирген № 27 протоколунун негизинде Алай районуна караштуу “Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн” аталышын “Алымбек датка атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |