Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 03-сентябры, № 11/2
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынан “Альфа-Телеком” ЖАК базалык станциясына жер тилкесин убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколун жана № 22 С.Төрөшев атындагы орто мектебинин директору К.Бөкөбаевдин өтүнүч катын угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын Кыз-Эмчек участкасындагы телевышканын жанынан “Альфа-Телеком” ЖАК базалык станциясын жайгаштыруу үчүн 2 чарчы метр жер тилкеси убактылуу ижарага берилсин.
2. Аталган жерге “Альфа-Телеком” ЖАК базалык станциясын жайгаштыруу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |