Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 03-сентябры, № 11/4
Тилектеш айыл аймагында Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагы Аксакалдар сотунун төрагасы М.Маназаровдун Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамынын негизинде иш алып барып жаткан Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Түзүлгөн курам айыл аймагындагы Аксакалдар сотунда Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштырууда мыйзамдуулукту бекемдөөгө,укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этаптарда жоюуга катышуу, жарандарды мыйзамдарды, моралдык ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо менен адилеттүү чечим чыгаруу менен иш алып барышсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Танаев |