Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз  I сессиясы

 

   2024-жылдын 28-ноябры № 1/1

Тилектеш айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Тилектеш айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы  №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Тилектеш  айылдык кеңеши

  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.

2. Төрөшев Каныбек Сабирович айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

А.Аттокурова