Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №10-02
Көк-Бел айылдык кеңешинин 2025-жылдын № 3-01 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 109 жана 115- беренелеринин негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин. (№ 1 -тиркеме)
2.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарына 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы М.Маматовго жана айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
М.Айткулов |