Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №10-03
Элдик Курултайга Көк-Бел айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын 22-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Көк-Бел айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын курултайы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2.Көк-Бел айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын курултайы айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 50 болуп аныкталсын.
3.Жергиликтүү коомдоштуктардын курултайына катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык белгиленсин.
4.Жергиликтүү жамааттын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5.Жергиликтүү жамааттын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча айыл аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Көк-Бел айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
6.Жергиликтүү жамааттын курултайын өткөрүүнү уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук,
тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Айткулов |