Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №10-04
Көк-Бел айыл аймагындагы Көк-Бел айылынын “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 2 жамааттык чогулушунун протоколуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Көк-Бел айыл аймагынын “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин эмгек жамаатынын чогулушунун протоколу жана сураныч катын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагынын “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин эмгек жамаатынын чогулушунун протоколу канааттандырылсын.
2.“Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын Шарипа Айткулова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп атоого макулдук берилсин.
3.“Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин атын Шарипа Айткулова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси деп атоого тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы Көк-Бел айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Айткулов |