Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-октябры №10-05
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылдык кеңешин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айылдык кеңеши мекемеси юридикалык жак катары түзүлүп мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
2.Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:Мамлекеттик тилде: “Көк-Бел айылдык кеңеши” мекемеси Расмий тилде: Учреждение “Кок-Бельский айылный кенеш”. Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: “Көк-Бел айылдык кеңеши” м-си.Расмий тилде: У-е “Кок-Бельский айылный кенеш”.
3. “Көк-Бел айылдык кеңеши” мекемесинин Регламенти бекитилсин.
4.“Көк-Бел айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органы – төрагасы болуп
Айткулов Мухамед Нуркамилович дайындалсын.
5. Юридикалык дареги (жайгашкан жери) болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Көк-Бел айыл аймагы, Көк-Бел айылы, Мектеп көчөсү, №1.
6.“Көк-Бел айылдык кеңеши” мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү
жагы айылдык кеңешинин төрагасы Айткулов Мухамед Нуркамиловичке жүктөлсүн.
7. Токтомдо көрсөтүлгөн мааалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат..
Төрага |
М.Айткулов |