Редакцияот 17.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тилектеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы 

2024-жылдын 07-июлу,  № 6/1

Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  2024-жылга бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизип тактоо  жөнүндө

Тилектеш айылдык кенешинин бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Тилектеш айыл аймагынынайылдык кеңешинин VII чакырылышынын VI кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасындагы акча каражатын кээ бир үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон төмөндөгү беренелерге жылдыруу жагы каралсын:

№

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

 

Көбөй

түү

Азай

туу

ВТ

СД

1

70491

Машиналар жана жабдыктар

3112

 

350,0

 

-350,0

2

70111(А/к)

Сапар чыгымдары

2211

12,0

 

12,0

 

3

70221

Ар түрдүү кызмат көрсөтүү

2215

338,0

 

338,0

 

 

 

Баары:

 

350,0

350,0

350,0

350,0

2. Жогорудагы акча каражатын 2024-жылдын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай райондук башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Танаев