Редакцияот 27.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2024-жылдын 27-декабры №2/1

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылга перспективалык иш-планын бекитүү жөнүндө

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26.11.2024-жылдагы № 1/4 токтому менен кабыл алынган Регламентинин 14-бөлүмүнүн негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планынын долбоору боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Осмоналиевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат: 1.Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Абазбек уулуна тапшырылсын

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

А.Мойдунов