Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/2
Муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык айыл аймагындагы муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө Жобо боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси-юрист А.Абакировдун берген маалыматын жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы муниципалдык менчикти конкурста сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө Жобо бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
2. Айыл аймагындагы муниципалдык менчикти иретке келтирүү боюнча бекитилген Жобого ылайык иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага |
А.Мойдунов |