Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/3
Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесине ылайык аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси - юрист А.Абакировдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Ылай-Талаа айыл аймагында жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү 2,0 болуп бекитилсин жана 2026-жылдын 1-январынан баштап колдонууга алынсын.
2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү бекитилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга караган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага |
А.Мойдунов |