Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/4
КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 16.05.2025-жылдагы болуп өткөн элдик жыйынынын № 1 протоколунун негизинде КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү боюнча жумушчу комиссиянын төрагасы, Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Т.Жунусовдун маалыматын, айыл тургундарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. КР Президентинин Жарлыгына ылайык “Айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобонун 17-беренесине толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2. Өзгөтүүгө байланыштуу келип чыккан талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, айылдын имамдарына жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн МАЫУУйларына тапшырылсын.
3. Ар бир айылдар боюнча жыйындарды өткөрүү менен кабыл алынган эрежелерди айыл тургундарына жеткирип жеринде түзүлгөн комиссиялар менен иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын
Төрага |
А.Мойдунов |