Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/5
«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылдарга акча каражаттары каралсын.
2.«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому жөнөткөн келишимге бекитилген талаптарты так аткарууга документтерин даярдоо жана жөнөтүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам
Төрага |
А.Мойдунов |