Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/6
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Буйга айылынын Арал участкасындагы Өрүк жана Ак-Күңгөй дарыяларынын ташкындоосунан А.Акматов атындагы орто мектебине жана Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов атындагы орто мектебине селден келтирүүчү коркунучту алдын алуу боюнча жарандардын 05.08.2025-жылдагы жыйналышынын чечимин бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Буйга айылынын Арал участкасындагы А.Акматов атындагы орто мектебин Өрүк жана Ак-Күңгөй дарыяларынын ташкындоосунан жана Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов атындагы орто мектебин сел коркунучунан коргоо боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Буйга айылынын Арал участкасындагы А.Акматов атындагы орто мектебине Өрүк жана Ак-Күңгөй дарыяларынын ташкындоосунан жана Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов атындагы орто мектебине селден келтирүүчү коркунучту алдын алуу боюнча жарандардын 05.08.2025-жылдагы жыйналышынын чечими бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Буйга айылындагы Өрүк жана Ак-Күңгөй дарыяларынын нугун өзгөртүү менен Өрүк дарыясынын сол тарабын, Ак-Күңгөй дарыясынын оң тарабын бийиктетип калыбына келтирүү жана Беш-Кемпир айылындагы Кызыл-Таш чегине сел өтмөк куруу үчүн кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
А.Мойдунов |