Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 16-отуруму
2025-жылдын 10-октябры, № 32
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 270 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ №270 Жарлыгын ишке ашыруу, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу маселелерди талкуулап, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык,Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын түзүү, айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, белгиленген тартипте иш алып баруу максатында Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги IV Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы төмөнкүлөрдөн түзүлсүн (№1 тиркеме).
2. Кезектеги IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№2 тиркеме).
3. Кезектеги IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамына ар тараптан көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
4. Коомдоштуктардын жыйындарынын протколдору жумушчу тобуна тапшырылсын.
5. Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды, тиешелүү документтерди убагында берип туруу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Э.Э.Атыровага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырам.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |
Памир-Алай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы I чакырылышынын кезексиз 16-отурумундагы № 32
токтомунун №1 тиркемеси
Памир-Алай айыл аймагында «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы
1. Н.Айтмаматов-айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Э.Э.Атырова-жооптуу катчы, жумушчу топтун катчысы;
Мүчөлөрү:
3. Ж. Абдикеримова -айылдык кеңештин депутаты;
4. Г. Жумашова- айылдык кеңештин депутаты;
5. А. Бердибаева -айылдык кеңештин депутаты;
6. У. Сартов- айылдык кеңештин депутаты;
7. А. Мидинов - айылдык кеңештин депутаты;
8. Мухтарали уулу А-айылдык кеңештин депутаты;
9. Д. Кеңешов - айылдык кеңештин депутаты;
10. В. Жоруева- айылдык кеңештин депутаты;
11. Б. Матисаков - айылдык кеңештин депутаты;
12. Н. Чокоева- айылдык кеңештин депутаты;
13. К. Алмаматова-№39 К.Эсенов а.о.м директору;
14. Р. Жороев-№40 Ы.Мону а.о.м директору;
15. Н. Кутчуева-№41С.Умарходжаева а.о.м директору;
16. Максатбек уулу С-№44 Арча Булак негизги мектеби а.о.м директору;
17. Ж. Осмонбеков- №53 Х. Алимсеитов а.о.м директору;
18. Бардык айыл башчылары.
Жооптуу катчы Э.Э.Атырова
Памир-Алай айылдык кеңешинин
2025-жылдын10-октябрындагы I чакырылышынын кезексиз
16-отурумундагы №32 токтомунун
№2 тиркемеси
Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча графиги
№ | Айылдардын аталышы
| Калк тын саны
| Квота
| Өтүүчү жылы, айы, күнү |
Убагы | Жыйын өтүүчү орду | Жыйын өткөрүүгө жооптуулар |
1 | Арча-Булак | 559 |
| 20.10.2025 | 10:00 |
Сары-Могол айылдык маданият үйү | Д. Кеңешов -депутат, В.Жоруева-депутат, К.Ашиев- айыл башчы |
2 | Талды-Суу | 1891 |
| 20.10.2025 | 12:00 |
Талды-Суу айылдык маданият үйү | А. Бердибаева -депутат, У.Сартов-депутат, В.Кадыров -айыл башчы |
3 | Сары-Могол | 5584 |
| 20.10.2025 | 14:00 |
Арча-Булак негизги мектеби | А.Мидинов -депутат, Мухтарали уулу А-депутат, Н.Саитов- айыл башчы |
4 | Сары-Таш | 2390 |
| 21.10.2025 | 10:00 |
Сары-Таш айылдык маданият үйү | Б.Матисаков-депутат, Н.Чокоева-депутат, М.Турдубеков-башкы адис |
5 | Нура | 1278 |
| 21.10.2025 | 12:00 |
№40 Ы.Мону атындагы орто мектеби | Ж. Абдикеримова- депутат, Г.Жумашова-депутат, Д.Жороев-айыл башчы |
| Айыл аймак боюнча | 11702 | 80 |
|
|
|
|
Жооптуу катчы Э.Э.Атырова