Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/8
Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу ички ирригациялык арыктарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 1-главасынын 18-беренесинин 1.1-пунктун, 2-главасынын 28-беренесиндеги 1 - “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү жөнүндөгү” пунктун жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу ички ирригациялык арыктарды мамлекеттик менчикке алып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан суралсын.
2. Тиешелүү документтерди даярдап ишке ашыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,
Төрага |
А.Мойдунов |