Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-августу №6/9
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке « Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгынын урматына Ылай-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүү максатында айыл аймагына караштуу Сай айылынын жашоочуларынын 2025-жылдын 5-августундагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Сай айылынын жашоочуларынын 2025-жылдын 5-августуна жалпы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында Ылай-Талаа айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди мыйзам жана каржы жагынан чечүүдө көп жылдык эмгегин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Ардактуу наамдын ээси Өмүрзаков Сүйүнбек Абдылдаевичке атайын «Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу» жазуусу түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана лента атайын майрамдык иш-чарада салтанаттуу тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Абазбек уулуна жүктөлсүн
Төрага |
А.Мойдунов |