Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 15-отуруму
2025-жылдын 06-сентябры, № 31
«Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруу боюнча»
Памир-Алай айылдык кеңешинин I-чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 14-отуруму, Памир-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Н.Айтмаматовдун, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы №16/173 катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу буйругуна ылайык, Памир-Алай айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө караштуу калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 06-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамы кеңеш тарабынан жактырылсын.
2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын 4-сентябрындагы №16/173 буйругу, Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Памир-Алай айыл аймагы боюнча аткарууга алынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жана Памир-Алай айыл аймагы боюнча айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |