Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-июлу №5/6
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 51- “Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү 52 532,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 49 141,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага |
А.Мойдунов |