Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 14-отуруму
2025-жылдын 18-августу, № 30
Памир-Алай айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2025-жылдын бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө.
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Памир-Алай айылдык округунун айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезексиз 14-отурумунун 2025-жылдын 18-августундагы № 7 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасындагы салыктык жана салыктык эмес түрлөрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | берене | жалпы | 3-квартал |
көбөйтүү | ||||
1 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы | 14232400 | 1400,0 | 1400,0 |
| Баардыгы |
| 1400,0 | 1400,0 |
2. Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын:
К/н | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Жалпы | 3-квартал |
көбөйтүү | |||||
1 | Балдар бакчасы | Тамак-аш алуу(атайын каражат) | 2218 | 1400,0 | 1400,0 |
| бардыгы |
|
| 1400,0 | 1400,0 |
3. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бюджетте каралган акча каражатын смета боюнча максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Анарбаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Маматжунус уулуна тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мухамаджан уулу Ибраимжанга милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |