Загрузка документа…
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 13-отуруму
2025-жылдын 25-июлу, № 28
ПЛизингке кызматтык автоунаа алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине жана "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААКсынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/210 катына ылайык, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Анарбаев Кутманали Асатиллаевич Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен кызматтык автоунаа алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2.Лизингке алынуучу автотранспорт үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдардагы жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Н.Айтмаматов |